Ч. Айтматов өмүр баяны жана чыгармачылыгы.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу,коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. Чон атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишинин уулу болгон.
Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевниктер партиясынын Жалал-Абад кантонун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден” пантүркстан “ катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова-теги боюнча татар. Чынгыздын таятасы Хамза-Караколдук бай жана айдын татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү эл оозуна алынган акылдуу аялдардан болгон.
1942-жылы 2-дүйнөлүк согуштун ай кесепетинен Чынгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле.Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт.Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу эле.Жаш Чынгыздын башына кыйынчылык түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок.Бир жылдан кийин 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны 1953-жылы мыкты аяктайт.
1959-1965-жылы орусча “Литературный Кыргызстан” журналынын баш редактору болгон.
“Правда” гезитинин кабарчысы болуп иштеген.
1988-1990-ж.ж Москвада чыгуучу “Иностранная литература” журналынын баш редактору болгон.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылдын октябрь айларында 80 жылдыгына карата улуттук Компьютердик гимназиясына келген.
Ак кеме ч айтматов реферат кыргызча
... жана "Ашым" 1952-жылы жарыяланган. "Ак жаан" адегенде "Советтик Кыргызстан" журналына (азыркы "Ала-Тоо" журналы) 1954-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча ... мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов. Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай ...
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюренберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинин жазуучу көз жумат.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов –кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучусу, Кыргыз СССРнин эл жазуучусу социалисттик эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
Зоотехник –кесиптен жазучучу болду отту .Чынгыз жашында котормочу болгон ошондо бир жилик эт белеке алган . Ал залкар жазуучунун алгачкы эмгек маянасы болгон. Айтматов бизге көптү билген көсөм, акылман адам болгону белгилүү. Бирок, Айтматовдун дагы билбеген үч нерсеси болгон.
Алар: машина айдаганды, чет тилде суйлогонду, компьютерде иштегенди жазуучу такыр үйрөнө алган эмес. Балким кылым калемгерине бул нерселерди үйрөнүү кызык болбогондур.
Чыңгыз Айтматов бир гана чоңдор үчүн гана чыгарма жазбастан, балдар үчүн дагы чыгармаларды жараткан. Анын кичинекей балдарга болгон сүйүүсүн Нургазынын, Султанмураттын, Кирисктин, Сейиттин Анаранын, Саматтын образдары аркылуу чагылдырып берген.
Чынгызды адабият классиги деп аташкан .Анын чыгырмалары170 тилге которулган. Анын чыгарма жазуудагы негизги көйгөйү адамзаттын адамга, адамзаттын жаратылышка болгон мамилеси ачып берге алган. Атасынын оор тагдырынан кийин анын жүрөгүндө түбөлүккө так калган. Ошондуктан го “Канткенде адам уулу адам болот” –деп ар бир чыгармасында баса белгилеп, айрыкча кененирек “Кылым карытар бир күн” романында токтолгон.
2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабынаЧыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду. Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган.Чынгызды “Адамзаттын Айтмотову”деп бекеринен айткан эмес. 2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду. Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы «Ата Бейит» көрүстөнүнө коюлду. Эгерде аалам жазуучусу бүгүнкү күндө арабызда болгондо 12-декабрда 89 жашка чыкмак.
Жазган дилбаянымдын аягында дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн, даңазалуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган жаш акын Айым Талгатбек кызынын калемине таандык ырды сунуштоону тууура көрдүм.
«Ак булуту» жакшылыкка жандаган.
Жылдыз сындуу «Жаныбарым Гүлсары»,
Дүйнө жүзүн дүңгүрөтөт арыштап.
Кайраты бар, мээрими бар Толгонай.
Ала-Тоодой ак калпакчан, пейли ак,
Кыргыз элин жер жүзүнө тааныткан.
Адамзаттан алга озуп көп убак,
Чынгыз ата заманына даанышман
Аалам сыйган ойду жазып кагазга,
Түрк балдары турулуп кубаттаган.
Кыргыз эне көтөрүмдүү ушундай
Денесинде жаштык, эрдик ташкындай
Мекен коргойт Майсалбек жоо качырбай.
Арзуусун, махабатын жашыралбай
Агатай деп комуз чертет Бегима
«Чырагым, бул жашоого кеч келдиң, ай?»
Раймаалы ырын арнайт өрт-жалындай
«Түнкү сугат»,»Кыямат»,»Жамийласын»
Культура кыргызов в эпосе «Манас»
... значение Эпоса "Манас" состоит в том, что он содержит сведения о культуре кыргызов, т.е. о быте, традициях, обрядах, философии, языке, дипломатии, военном деле, народной педагогике ... сообщение эпоса по военному делу, вооружению и боевой одежде. "Манас" содержит обширную информацию по духовной культуре, народным знаниям (особенно, народной медицине) мифах, религиозных верованиях, народных играх и ...
Түркүн элдер тамшанып барактаган.
Кырда чуркап кызгалдакты аралап,
Кол булгалайт гүлдү сүйгөн Алиман.
Жүрөк сырын Даниярга арнаган,
Шайыр мүнөз шаңкылдаган Жамийлаң.
Ак шумкары асманында чабыттап,
Энелердин мээримин даңазалап
Уулун издеп зар какшайт Найман-Эне
Бакыт чачкан Абуталип, Зарипа
Тагдырыңар ушундай тайкы беле?
Кыянаттык кылбагын деп адамга
Кыяматтын жолун тосуп эскерип
Кыргыз барда жанып турган ааламга
Чынгыз деген жылдыз өчпөйт асманда.