Жусуп Баласагын (Болжолу 1015-1016- жылдары туулган – 1070-жылдан кийин олгон)

Реферат

Жусуп Баласагын.

(Болжолу 1015-1016- жылдары туулган – 1070-жылдан кийин олгон)

ХI кылымда-1069 (1070)- жылдары турк тилиндеги поэма жаралган. Аны Баласагын шаарынын кулуну Жусуп жазган. Ал поэмасын «Куттуу билим» деп атаган жана аны Караханий каганы Тавгач-Богра- Кара-Хаканга тартуулаган. Ал акынга хасс-хажиб ордо чинин (ордо

Жусуп Баласагын жонундо маалыматты поэманын озунон алууга болот. Бир дагы Чыгыш биографында же библиографында ал жонундо эскеруу жок.

Ошондой босо да, поэманы изилдоочу А.Н. Кононов томонкучо жазат: «корунуктуу акын, ото билимдуу адам, окумуштуу-энциклопедиячы, ыр жаратуучу, араб жана перси поэзиясынын жана турк фольклорун ийне-жибине чейин билген, ал астрономияда жана математикада, медицинада, шахмат ойноодо жана элдик спорт оюндарында жана башка коптогон тармактардан маалыматту болгон». « Куттуу билим» поэмасында жалпы адамзаттык идеалдар чагылдырылган, поэманын саптары кийинчерээк элдик макаал-лакаптарга айланган.

Баласагундан чыккан акин ошол учурда устомдук кылагн араб жана перси тил дери менен катар эле адабиятка турк тилин биринчи болуп киргиз ген. Алсак, Жусуп Баласагын минтип жазган:

Билим учун кол создум тынбай озум,

Созду созго кынадым кошуп сезим.

Кийик эле турк тоодо жургон,

Уйроттум, уйур кылдым анын озун.

Поэма орто кылымда Чыгышта популярдуу болгон этикалык-дидактикалык (насаатчылык) жанрга кирет. Жусуп Баласагын уккулуктуу эки саптарында (бейттеринде) бардыгы бактылуу жашай турган адилет мамлекет жонундо озунун тушунугун баяндаган.

Жусуп озунун поэмасын окумуштуулардын эсептоосу боюнча болжол менен 53-54 жаш курагында аяктаган. Айрым маалыматтар боюнча Жусуп Баласагын 68 жашында каза болгон, соогу Кашгар шаарынын туштугундогу Тайнап деген жерге коюлган. Кытайдагы «маданий революциянын»

жылдарында ( ХX кылымдын 60-жылдарынын акыры) Баласагындын мавзолейин хунвейбиндер талкалаган. Азыр ал калыбына келтирилген.

Баары отот туболуктуу — жакшы атак,

Жакшы адамдын ишин айтып макташат.

3

Жусуп Баласагындын жана Махуд Кашгаринин философиялык коз караштары.

Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари – орто кылымдагы турк элдеринин анын ичинде кырыгз линин философиялык ой-пикирлеринин онугушундо озгочо роль ойногон чыгаан ойчулдар. Алар адабият жана тил илими тармагындагы эле таланттуу ишмерлер болбостон, оз мезги линин белгилуу философтору жана корунуктуу окумуштуулары да болгон.

5 стр., 2068 слов

Жизнь и творчество Жана Поля Сартра

... и (в поздний период творчества) Маркса, Сартр разрабатывает идею специфичности и аутентичности человеческого существования; развивает концепцию бытия, включающую ... из них выдержат испытание, но во всяком случае История не спеша движется к осознанию человека человеком... ... так как раскрывает вечные, а, следовательно, и актуальные по сей день вопросы человеческого бытия. 3. Основные труды Жана Поля ...

Жусуп Баласагындын жана Махмуд Кашгаринин мурастарында турк урууларынын онугушу, уй-було, мамлекет, укук, морал, эл аралык мамилелердин тарыхы чагылдырылган. Бул эки ойчулдун чыгармаларында табият кубулуштары, коом жана адамдын турмушу, акыл-эс жана адамдардын адеп-ахлактуулугу тууралуу алардын терен ой-жугуртуулору камтылган. Аларга чыныгы дуйнонун ар кандай процесстеринин жана кубулуштарынын манызын тушунууго жасалган аракет, адамзат акыл-эсин баалоо, маданияттын жана билим беруунун жетишкендиктерин кадырлоо, теорияна практика менен байланыштыруу жана оз доорундагы коомго муноздуу социалдык проблемаларды чечуунун жолдорун рационалдуу негиздоо муноздуу.

Жусуп Баласагындын жана Махмуд Кашгаринин мурастарын иликтеп-изилдоого бир катар тарыхчылардын, адабиятчы, тилчилердин эмгектери арналган.(1) Ойчулдардын эмгектерин изилдоодо философтор да белгилуу бир денгээлде салым кошушту. Мына ушул маселеге байланыштуу

А.А. Алтмышбаев, А.И. Нарынбаев, О.К Козубаев ж.б. эмгектерин озгочо болуп корсотуу зарыл. (2)

Жусуп Баласагын оз мезги линин реалисттик идеяларын уланткан белгилуу агартуучулардын бири болгон. Анын турмушу негизинен Караханиддер каганатыны маданий борбору – Баласагында жана Кашкарда откон. Ал мына ушул маданий борборлордон билим алып, математика, астрономия. медицина, араб-перс адабияты, рифма теориясы, тарых,

география боюнча билимин терендеткен. Жусуп Баласагын философия жаатында ото терен билимдуу адам болгон. Ойчулдун мурастарынын

(1) А.Эркебаев Малоизученные страницы истории киргизской литературы.- С. 54-82;

  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивани лугати ат-турк» соз жыйнагы (1072-1077)Бишкек

(2).А.А.Алтмышбаев Очерк истории развития общественно-политической и философской мысли в дореолюционной Киргизии. –С.67-83.

4

идеялык мазмунун изилдоо мене анын Аль-Фараби. Беруни, Ибн Синанын эмгектери, алардын жалпы эле дуйного болгон коз караштары, анын ичинде философиялык коз караштары. Ошондой эле алардын эмгектери аркылуу – Аристотель сыяктуу байыркы грек философиясынын окулдорунун эмгектери жонундо кабардар экендигине ишенууго болот.

Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» («Кутадгу билиг») поэмасы этика-дидактикалык чыгарма катары орто кылымдагы чыгыш адабиятынын турк тилиндеги эн ири маданий эстеликтеринин бири. Бул чыгарма башкаруучулар учун насыят формасында турк тилинде жазылган. Анда социалдык-этикалык маселелер эле мес, орто кылымдагы ойчулдардын рухий изденуулоруно муноздуу коптогон философиялык проблемалар которулот. Мына ушуга байланыштуу А.Н. Кононов: « Озунун буткул моралисттик багыты боюнча «Куттуу билим» кээде айтылып жургондой курган этика. Дидактикалык насыяттарга жана акыл айтууларга толгон китеп болуп эсептелбейт жана эсептелиши да мумкун эмес. Бул адамдын коомдогу ордун жана ролун талдоого алган флософиялык чыгарма»,- деп адилеттуулук менен белгилейт.

«Куттуу билим» поэмасын реалдуу турмуштан болунуп калган чыгарма катары кароого болбойт. Жусуп Баласагын мамлекетти башкаруу, саясат, адамдын жашоосунун манызы тууралуу суроолорго негизинен реалисттик позицияда ой жугуртууго, математиканын, астрономиянын проблемаларына илимий мамиле жасоого аракет жасаган. Ойчул озунун поэмасында элдик акылмандыкты, турк элдеринин фольклорун, макал-лакаптарды жана учкул создорду ото кенири жана билгичтик менен колдонгон. Жусуп озунун этикасында кобунчо адамдарды жан-дуйнонун бийиктигине умтулууга чакырып, алардын ички толгонууларын адилет баяндап, аларды бактыга жетуу учун аракетттенууго ундойт.

2 стр., 827 слов

«Әлемдегі ардақты да, аяулы жан!»

... үйетұғын, күйетұғын, әрқашан қамымызды ойлап жүретұғын абзал жанды адам, бұл – ана. Алдыңа қойған мақсатыңа жетуі ... үшін бүкіл әлемдегі ең сұлу, ең әдемі жан. Маған осындай ғажайып өмір сыйлап, осы күнге дейін мәпелеп ... де ең алдымен анадан тарайды. Әлемдегі ең кешірімді, ең мейірімді жан – ана. Ана баласы қандай қателік жасаса да кешіреді. Оның ... Егер менен «Әлемдегі ең тәтті сусын мен ең ж ...

«Куттуу билим» поэмасында дуйно таануучулук проблемалар ото кенири жана ар турдуу. Булар баарындан мурда болмуш, ой жугуртуу, жашоонун манызы, олум жана туболуктуулук, Ааламдын келип чыгышы, анын тузулушуно байланыштуу маселелер. Бул проблемаларды ойчул орто кылымдагы теологиялык жана философиялык багытка ээ болгон тенденциялар катары чечмеленген «Кудай» жана «дуйно» деген тушунуктор аркылуу караган.(1)

«Кудай» тушу нугу Жусуп Баласагындын чыгармачылыгында кудайды озу жараткан дуйного кара карама-каршы чыккан абсолюттуу феномен катары корсоткон мусулманча тушунукко окшош эмес. Ойчулдун

5

ырастоосуна ылайык, кудай-бул бутундой дуйно, курчап тургандардын бардыгы анын бар экендигин туюндурат, ал эми озу ушулу дуйнонун болугу болуп эсептелет. Кудай – субстанция. Ал дуйнонун жападан-жалгыз алгачкы себеби катары корунот:

Жаратты эрки менен Аалам жерди,

Ааламга жарыктыкка Кун, Ай берди.

Тегеренме асманды жасап койду,

Туболук тынымы жок айланмалуу.

Кок асманга чачып койду жылдызды,

Кара тунго каршы койду кундузду.

Айрым жылдыз тунку коктун саймасы,

Да бирлери-кокту короп айланчу

Жылдыз оту – бири бийик, бири пас,

Сан жылдыздын бири жарык, бири аз.

Жусуп Баласагын кудайды ал жараткан нерселердин дуйносу менен ото тыгыз байланышта карайт. Мына ушунун озу ойчулду жаратуучуну анын озунун жараткандарына синирген, кудайды табият менен окшоштурган пантеизмге (2) алып келет. Кудай – бул чыгыны дуйнонун алгачкы себеби жана бардык жандуу нерселердин жашоосу учун алмашуусунда аныктоочу мааниге ээ.

Жусуп озунун поэмасында кудай менен адамдын биримдигине озгочо конул болот. Анын ою боюнча, адамды кудай жаратып, ага табигый жана мыйзам – ченемдуу канааттандырылуучу каалоолорду жана муктаждыктарды берген.

Эгерде айрым бир суфий ойчулдары учун булл дуйнодогу бардык камкордуктар – болгону адамдын чыныгы иши – кудайга кызмат кылуудан алаксыткан курулай убакыт коротуу убаракерчилик болсо, ал эми Жусуп Баласагын боюнча адам дуйнодон болунуп калбастан. Жашоодогу проблемаларынан баш тартпастан, озунун айланасындагыларга жакшылык жасоо менен кудайга кызмат кылышы керек. Чыныгы такыбалык жашоо озу учун, жеке озун сактоо учун эмес, адамдар учун кызмат кылганда гана бааланат. б.а. жашоонун мнызы-адамдардын жыргылчылыгы учун аракеттенгенде:

(1)Ж. Баласагын Кутуу билим / Т. Козубековдун котормосунда .-М. , 1993.-57б.

(2) Пантеизм Жусуп Баласагындын дуйного коз карашыны негизин тузгон.Ойчул пантеизмдин позициясынан дуйнонун процесстери менен кубулуштарынын манызын тушундургон.

6

Сен элге жолок болгун конул болуп,

Эл кызматын кылбаган-тируу олук!

Адам эмес-жалан озум дегендер.

Чыныгы адам-элдин камын жегендер!

Поэманын коп жерлеринде жашоонун манызы тууралуу теориялык проблемалар олум жана туболуктуулук проблемалары менен байланышта каралат. Ага жасаган мамиле аны диний-провиденциялисттик жактан чечмелоодон олуттуу айырмаланат. Ойчул учун айрым адамдын омуру акыры аягына чыгат, ал эми жалпы эле жашоо чексиз. Адам олот, бирок ысымы олбос. Ал эми «кимдин ысымы олбос болсо, ал озу чексиз»,-деп ырастайт ал.

2 стр., 573 слов

Алтын адам тақырыбында

... қайнар бұлағы Алтын адам дер едім. Қорыта айтқанда, еліміздің нақышының қатары Алтын адаммен толықты. Өйткені, Алтын адам – ел ертеңінің, ... десеңіздер, ол, әрине, Алтын адам дер едім. Алтын адам өз дәуірінің баға жетпес байлығы, асыл қазынасы. Алтын адам – қазақ тарихының ... ыш Елбасымыз «Ұлы даланың жеті қыры» мақаласында осы Алтын адам феноменін ерекше атап көрсетіп, оның тарихи маңызын тере ...

«Куттуу билим» поэмасынын идеялык мазмунуна талдоо жургузуу анда космологиялык муноздогу проблемалар коп орун ээлерин корсотот. Оз мезгилинин табият таануу маселелери менен жакшы тааныш болгон Жусуп Баласагын адамзат болмушу проблемасынын контекстинде Ааламдын тузулушу, асман телолорунун кыймылы тууралуу, Жер, курчап турган чойро, адамдардын денеси тууралуу ой жугурткон. Ушуга байланыштуу ал философиялык ой-пикирлерди айткан.

Алсак, ойчулдун асман телолору тууралуу ой-жугуртуулору антикалык окумуштуулардын геоборбордук космологиясы, атап айтканда, дуйнонун Птолемей тузгон картинасы менен жалпылыктарга ээ. Бирок, ал «байыркы грек окумуштууларынын коптогон жоболоруна макул болуу менен, ошол эле учурда Птолемейдин бардык эле асман телолору бир тегиздикте кыймылдайт деген оюна шектен… Акын жылдыздыр Жерден ар кандай аралыкта жайгашкан, Жер шар турундо жана оз огунда айланып турат…», (1)- деген озунун концепциясын сунуш кылган. Антикалык дуйнонун мына ушул реалисттик тенденденциясына анын дуйнонун материалдык тузулушу жана адамзат денеси тууралуу ой-жугуртуулорун да кошууга болот. Ал учун бутундой эле дуйно, анын ичинде тиру жандыктар:оттон, суудан, абадан жана топурактан. б.а. жылуулук менен сууктуктан, нымдуулук менен кургактыктан турат. Анын ичинде тируу жандык катары адам да бар.

(1) Нарынбаев А.И. Взгляды Юсуфа Хас Хаджиба на мироздание и его гносеология // Эхо науки.-

1996.-№3.

7

Чыгыш перипатетизминин реалисттик ой-пикирлерине, дуйно жана тадам тууралуу илимий коз караштарга таянып. Жусуп Баласагын дуйно чексиз, болмуш бирдиктуу. Ал обьективдуу жана адамдын индивидуумуна коз каранды эмес деп ырастаган. Адам дуйнодо, табиятта жашайт. Табияттын башка конкреттуу болукторунон жана нерселеринен адам озунун таанып билууго жана ой жугуртууго жондомдуулугу, эн эле жеткилен, баалуу жандык экендиги менен айырмаланат.